“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Үстөл үстүндө теннис» оюну болуп өттү

6 Февраль 2019 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны: 200

15-февраль Советтик армиянын Ооганистандан чыгарылган кунүнүн 30 жылдыгына карата Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыздар жана балдар арасында «Үстөл үстүндө теннис» оюну болуп өттү. Оюндун бирден-бир максаты окуучулар арасында сергек жашоо мунөзүн калыптандыруу, ошондой эле теннис оюнун даңазалоо болуп саналат. Оюнга 8-9-10-11-класстын окуучулары катышышты.  Орун алган окуучулар грамоталар менен сыйланышты. «Оюнду өткөзүү менен биз окуучулардын ден-соолугун, ынтымагын чыңдасак болот» -дейт дене тарбия мугалими Үмөтов Азамат.

Даярдаган: Муктарова Аймырза