“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жыл сайын өткөрүүлүчү «Мен бийчимин» аттуу кароо-сынак болуп өттү

22 Февраль 2019 жыл 12:51
Көрүүлөрдүн саны: 204

Ак-Талаа районунда 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата мектеп окуучулар арасында «Мен бийчимин» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Сынактын максаты районубузда бий өнөрүн аздектеген өнөрпоз жаш улан-кыздарыбыздын көмүскөдө жүргөн таланттарын, шык жөндөмүн ойготуп, эл алдына алып чыгуу.

Таймаш 2 баскычта өткөрүлдү. Бардыгы 11 команда күч сынашып, 7 команда финалга чыгышты.

 

Жыйынтыгында, баш байгени «Диа Дема» жана «Жаш кыял» бийчилер тобу, 2-орунга «Камбаркан» жана «Тоо шаңы» тобу, 3-орунга Жусупбаев атындагы орто мектебинин бий командасы ээ болушту.

 

Даярдаган: Муктарова Аймырза