“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак калпак күнүнө карата кийизден бийиктиги 1,5 метр келген калпак тигилди

5 Март 2019 жыл 17:43
Көрүүлөрдүн саны: 346

5-март Ак калпак күнүнө карата Балдар Билим Берүү борборунун кол өнөр ийриминин мугалимдери Токтосун кызы Айгерим, Молдакунова Венера, ошондой эле сүрөт ийриминин мугалими Мамбетов Акыл кийизден диаметри 2 метр, бийиктиги 1,5 метр келген ак калпак тигишкен. Алардын айтымына караганда калпакты тигүүгө 4,5 метр кийиз, ал эми жээгине 3 метр кара баркыт материал керектелген. Алгач кийиз бычылып, андан соң оюлар түшүрүлгөн. Ал эми калпактын негизи зымдан ширетилип жасалган. Бул калпак 5-мартта Баетов айылында өткөрүлгөн жөө жүрүштө көтөрүп чыгарылып, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Токтосун кызы Айгерим, Мамбетов Акыл, Молдакунова Венера

Даярдаган: Муктарова Аймырза