“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Менталдык арифметика боюнча олимпиада болуп өттү

6 Март 2019 жыл 11:18
Көрүүлөрдүн саны: 185

Жакында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде менталдык арифметика боюнча  облустук деңгээлде олимпиада өткөрүлгөн.Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин менталдык арифметикадан сабак берген мугалим Макелеева Нургүлдүн айтуусунда жогоруда аталган  олимпиада Нарын облусу боюнча биринчи ирет өткөрүлгөн. Сынакка 140 бала катышып, 1-орунга 38, 2-орунга 52, 3-орунга 50 окуучу татыктуу болгон. Орун алган катышуучулар Бишкек шаарында 5-майда өткөрүлө турган республикалык деңгээлдеги олимпиада ат салышат. Ал эми республикалык олимпиададан 1-орунду алган окуучулар Малайзияда азия мамлекеттеринин арасында өткөрүлө турган  олимпиадага жолдомо алышат.

Даярдаган: Муктарова Аймырза