Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында 8-март «Аялдардын эл аралык майрамына» карата волейбол оюну болуп өттү. Оюнга 6 команда катышты. Жыйынтыгында 3-орунду Калый Молдобасанов, 2-орунду Ш.Бейшеналиев, 1-орунду Жоробек Сатылганов мектеби камсыздады. Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлжаз Капарбекова оюн абдан кызыктуу өткөндүгүн айтты.

Даярдаган: Муктарова Аймырза