“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаңы-Талаптагы токойчунун үйү толук оңдоодон өттү

7 Март 2019 жыл 16:11
Көрүүлөрдүн саны: 185

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Кара-Сеңир чөлкөмүндөгү токойчунун үйү 537 миң сомго толук  оңдоодон өттү.  Бул токойчунун үйү 1962-жылы курулган. Аны оңдоо иштерине жаратылыш коргоо тармагын өнүктүрүү фондусунан 537 миң сом каражат бөлүнгөн жана бул каражатка үй толук оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле климаттык өзгөрүү шарттарында ТОО токойлору жана ресурстарын туруктуу башкаруу долбоору тарабынан Кара-Сеңир чөлкөмүндөгү көчөт өстүрүү жайына 144 миң сомго чырактар коюлган.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан