“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Таштандыларды турак үйлөрдөн чогултуп кетүү иши колго алынды

23 Март 2019 жыл 7:28
Көрүүлөрдүн саны: 154

      Ак-Талаа районунун Баетов айылында таштандыларды турак үйлөрдөн чогултуп кетүү иши колго алынды. Буга чейин тургундар таштандыны атайын жайга өздөрү алып барып ташташчу. «Таштандыларды кыдырып чогултуу иши ишемби күнү эртең мененки саат 09:00 дө Кайыңды-Булак айылынан башталат. Түшкү саат 12:00 дө Баетов айылынын күн батыш тарабындагы А.Эмилбеков көчөсүнөн тартып, тик көчөлөрдү кыдырабыз. Тактап айтканда түштөн кечке чейин А.Эмилбеков, А.Султаналиев, Көккөзов, Дербишкан, М.Абышбаев, З.Ашырбаева, К.Мурзалымбеков, А.Асаналиев, Балтабай, Ж.Сарыков, Кыдыралиев, А.Баатырбеков, андан кийинки акыркы көчөлөрдү кыдырабыз. Ал эми жекшемби күнү эртең мененки саат 09:00дөн баштап Баетов айылынын туурасынан жайгашкан Муслимов, Достук, Тынчтык, Манас, Ынакбеков, Т.Жолдубаев, Молобасан, Кулубай, Салиев, Байбачаев, Абдылдаев, Аркабаев, Токоев, Ү.Акматов көчөлөрү кыдырылат. Жогоруда аталган көчөнүн жашоочуларды таштандыларын ушул күндөрү жолдун боюна чыгарып коюшу керек. Оттун күлүн, курулуш материалдардын калдыктарын, жана дагы малдын кыктарын алып кетпейбиз. Буларды ыңгайлуу жерге чогултуп коюуу керек. Эгер, андай таштандыларды чыгарам дегендер болсо, бир КамАЗ таштанды 2000 сомго чыгарылат»-деди Баетов таза суу, таза аймак муниципалдык ишкананын директору Абышбаев Руслан.

Даярдаган: Муктарова Аймырза