Ак-Талаа районунун аймактарынын ынтымагын бекемдөө, сергек жашоого, дене-тарбия жана спорту өнүктүрүү максатында «Ак-Талаа Биримдигинин» «Жаштар канаты» тарабынан студент кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча турнир ийгиликтүү жыйынтыкталды. Аталган спорттук иш чара 30-мартта №18 лицейдин спорт залында болуп өттү. Ага жалпысынан 9 команда катышышты. 3-орунду Тоголок Молдо 2, 2-орунду Тоголок Молдо 11 командасы алса, ал эми 1-орунду Баетов 1 командасы алды. Мындан сырткары Ак-Кыя командасынан Уулкелсн Молдосунова, Жибей Бейшенова жана ак-Тал командасынан Жумабекова Нурайым мыкты оюнчу деп тандалды. Оюн кызыктуу болуп, күйөрмандар да колдоп-коштоп отурушту. Орун алгандар грамота менен сыйланышты.

Даярдаган: Муктарова Аймырза