Сайрагүл окуп жүргөн кезинде мектептин маданий иштерине катышып жүргөнү менен кесип тандоого келгенде башка жолду тандап алды. Бирок көкүрөктөгү талант акыры чыгармачылык чыйыр жолго-сахнага алып келди. Каарманыбыз М.Баетов, А.Огомбаев өңдүү залкарлардын обондоруна жаңы көрк берип, өз күйөрмандарын топтой алды.

Алгач “Эл алдында келет ырдагым”, “Эл ичи-өнөр кенчи” сыяктуу долбоорлорго катышып, ырдап чыккан. Сахнага карай жол көрсөткөн белгилүү дастанчы, Бурул Стамкулова устаты, ал эми өнөрүн өркүндөтүүгө, улантууга көмөк көрсөткөн КТРКнын отличниги Итигулова Чынара болгон.



Мени жашоонун жаңы бурулушуна жол көрсөткөн инсандарга ыраазымын деген Сайрагүл чыгармачылыкка кандайча келип калганын айтып берди: “Мен башка кесипке багыт алып, чыгармачылыктан узак убакыт алыс болгонум менен качандыр бир сахнага ырдап чыгарымды сезчүмүн. Акыры жан дүйнөмө тынчтык бербеген шыктандырган сезим эл алдына алып чыкты. Сахна жашоомдун жаңы бурулушу болду. Ооба ырчылыкка кеч келдим, бирок жакшы максаттарым бар. Негизгиси-изденүү жана репертуар тандоонун үстүндө дайыма иштөөм зарыл”. Сайрагүлдүн айтымында ырчылык талант чоң аталарынан калган. Үй-бүлөдө агасы Кеңешбек дагы мыкты талант эле. Бир канча жылдар Ак-Талаа райондук маданият үйүндө,балдар билим борборунда, “Акмөөрдүн сиңдилери” элдик тобунда иштеп, аданият тармагында өчпөс из калтырган таланттуу музыкант болгон.
Ден-соолугуна байланыштуу окуусун бүтпөй калган каарман учурда ырчылык өнөр менен бирге элдик дарыгерлик менен алектенет.

Даярдаган: Мамытбекова Гүлбарчын.