“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы документалдык тасмалардын аймактык фестивалын баштады. Аталган көчмө фестиваль “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын ” алкагында борбор менен жер-жерлердин байланышын кучөтүү жана искусство аркылуу укуктук түшүнүктөрдү жогорулатуу максатын көздөйт. 20-июндан баштап өлкөдөгү 7 дубандын отузга жакын калктуу пунктарында былтыркы жылы адам укуктарын чагылдыруу боюнча өткөрүлгөн эл аралык фестивалда жеңүүчү аталган тасмалар көрсөтүлөт. Онкологиялык оорудан жабыр тарткан окуучуну, мектептеги бөлүп-жарууну чагылдырган “Мен сени сугарып турам, гүлүм” казак режиссерунун, айыл жүгүн көтөргөн айылдык активист айым ж.б тууралуу тасмалар көрсөтүүгө тандалып алынган. Фестиваль Нарын облусунун аймагында 21-июнда Кара-Чий айылында башталып, 28-июнда Жумгал районунда аяктайт.
Даярдаган: Г.Мамытбекова