“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “электрондук күндөлүк” колдонула баштайт

31 Октябрь 2019 жыл 19:20
Көрүүлөрдүн саны: 290

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата  “электрондук күндөлүк” системасы ишке киргизилет.

Бул системанын жардамы менен окуучулардын ата-энелери балдарынын сабактагы жетишкендиктери, кемчиликтери, кайсы сабактан жетишпей жатканы тууралуу билип, предметтерден алган бааларын телефон аркылуу көрүп турушат.
Ал үчүн күндөлүк окуучу, ата-эненин телефонуна тиркеме сыяктуу көчүрүлөт. Балдарынын сабакта кандай баа алгандыгы, кайсы сабакта отургандыгын, ким сабак өтүп жатканын  ата-эне жумушта же үйдө отуруп эле биле алат. Ошондой эле ар бир сабактын үй тапшырмасы  да ата-эненин телефонуна түшөт.

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору  Астра Токтогулованын айтымында “электрондук күндөлүк” заман талабы. Акырындап   класстык журнал да ушундай системага өтөт. Ата-эненин баласынын сабагын көзөмөлдөп туруусу үчүн жакшы болот. Артыкчылыктары көп. Ал эми “электрондук күндөлүк” системасы ата-энелердин колдоосу менен ишке ашууда.

Даярдаган:   Гүлбарчын Мамытбекова