“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар каникулун лидерлик мектепте өткөрүшүүдө

6 Ноябрь 2019 жыл 15:32
Көрүүлөрдүн саны: 322

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары  Керимбекова Каным, Шерипбеков Акбар, Шерипбекова  Жанбике жана А.Абдраимов атындагы  мектептин 8-классынын окуучусу Руслан уулу Актан учурда Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы Техникалык инновациялар мектеп-лицейинде  Шенмо   “Ала-Тоо” уюштурган   “Күзгү лидерлер мектебине” катышууда.

Нанкин университетинин профессору, эл аралык тренер Нурмира Жамангулованын айтымында лидерлик мектепке   Абакус Менталдык математика боюнча 5-6 денгээлге жеткен балдар катышып, аларга   “Манас”  аркылуу өзүн таануу, сынчыл ой жүгүртүү, креативдүү сүрөт тартуу, лидерлик ой –жүгүртүү, социалдык кырдаалдарды анализдөө  боюнча  мастер-класстар өтүлүүдө. Ошондой эле мындан тышкары Абакус жана менталдык математика  боюнча тездикке үйрөтүү, спортбоюнча 5кмге чуркоо сыяктуу  таймаштар өткөрүлөт.

Учурда лидерлик мектебине катышып жаткан 15 окуучуга Шенмо Европа виц-президенти, эл аралык тренер, билимди жана илимди өнүктүрүү боюнча тренерлер Нурмира Жамангулова жана Шенмо Ала-Тоо директору Саматбек уулу Темирлан  тренерлик кылууда.

Эске салсак;  Керимбекова Каным, Шерипбеков Акбар жана Шерипбекова Жанбике  Малайзияда өткөн менталдык математика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып, байгелүү орунга ээ болушкан.

Даярдаган:  Гүлбарчын Мамытбекова