“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар арасында спорттук мелдеш өттү

3 Декабрь 2019 жыл 10:40
Көрүүлөрдүн саны: 121

ЩШ.Бейшеналиев атынданы орто мектебинде  «Биз СПИДге каршыбыз» аттуу  окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Ага мектептеги 9-11-классынын окуучулары катышты. Мектептин тарбия жана класстан тышкаркы иштерин уюштуруучусу Жыпаркүл Кубатбекова:  «Оюнуңарга ийгилик. Ден соолугуңарды чыңдап жана бош убактыңарды  пайдалуу өткөрүүгө аракет кылгыла. Ден соолук табылгыс байлык» деди.

Оюндун жүрүшүндө окуучулар ар бир өз классынын намысын коргоого аракет кылышып, жакшы оюн көрсөтүштү. Мелдешке дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбекова калыстык кылды. Жалпы кыздардын 6 командасы, эркек балдардын 9 команда катышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан грамоталар берилди.

 

Даярдаган:    Наргиза Ырысбекова