“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Ааламага Ала-Тоодон ʏн салган Айтматов” аталышындагы тегерек стол болуп ɵттʏ.

13 Декабрь 2019 жыл 20:14
Көрүүлөрдүн саны: 125

Кыргыздын чыгаан инсаны, улуу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган кʏнʏнɵ карата баардык жерлерде кɵптɵгɵн иш-чаралар ɵтʏʏдɵ. Алсак, Шʏкʏрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Ааламага Ала-Тоодон ʏн салган Айтматов” аталышындагы тегерек стол болуп ɵттʏ. Анда окуучулар жазуучунун чыгармаларынан ʏзʏндʏ кɵрсɵтʏшʏп, кɵркɵм окушту. Аталган тегерек столдун максаты Айтматовду даңазалоо, чыгармаларынын негизинде Ата Мекенди сʏйʏʏгɵ жана адамгерчиликке тарбиялоо болду.

Даярдаган: Жумакадырова Мɵɵркан