Ак-талаа районундагы Баетов айылында “Экстремизмди алдын алуу жана толеранттуулукту бекемдөө” долбоорунун алкагында тегерек столдо талкуу өттү. Аны “Нуржолбер” коомдук бирикмеси уюштуруп, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Жайдарбек Сыдыков жана райондогу орто мектептердин класстан жана мектептен тышкаркы тарбия иштерин уюштуруучулар, ошондой эле укук коргоо кызматкерлери катышты.
Талкуунун жүрүшүндө НОИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү Кошой Ишенбек уулу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын айрым беренелери, диний экстремизм жана терроризмдин Кыргызстандагы абалы, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган ар кандай экстремисттик жана террористик уюмдар жөнүндө маалымат берди.
Билим берүү тармагынын өкүлдөрү мектептерде окуучулар жана ата-энелер арасында бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын айтышты.
“Ооруну алдын алуу жеңил болгон сыяктуу, диний экстремизмди дагы алдын алуу керек. Албетте Нарын облусунда мындай учур катталбаганы менен ар убак даваатка келгендер дыкаат көзөмөлгө алынып турат дейт Кошой Ишенбек уулу.
Эскерте кетсек; Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жыйырмага жакын экстремисттик, террористик жана бузуку (деструктивдүү) кыймыл уюмдарга тыюу салынган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова