Буга райондогу бардык мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөр катыша алат.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын буйругуна ылайык райондогу мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөр арасында кароо-сынак өтөт. Капоо-сынакты өткөрүүнүн негизги максаты- “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата райондун аймагындагы жегиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнугүшүн жакшыртуу, айылдардын маданий-тиричилик, санитардык жана эстетикалык турмуш-денгээлин жогорулатуу, көрктөндүрүү, коомдук тартипти жана ички биримдикти чыңдоо жана ошондой эле мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүн, алдыңкы демилгелерди арттыруу болуп эсептелет.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова кароо-сынакты өткөрүү жана мыктыларды аныктоо үчүн комиссия түзүлгөндүгүн, критерийилери иштелип чыкканын жана жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын 4-кварталында аныкталып, жыл жыйынтыгына арналган салтанатта белгиленерин айтты. Жеңүүчүлөргө райондун Өтмө Кызыл Туусу тапшырылып, баалуу белектер менен сыйланат. Жобонун талаптарына ылайык комиссия бир гана айыл өкмөт жана бир гана мекемени «Мыкты» деп аныктайт. Учурда кароо-сынактын Жобосу бардык мекеме-ишкана жана айыл өкмөттөргө жөнөтүлгөн.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова