“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаа районунун 3 тургунунан мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынган

30 Январь 2020 жыл 8:40
Көрүүлөрдүн саны: 123

Нарын  облустук ички иштер башкармалыгынын басма сɵз кызматы Ак-Талаа районунун 3 тургунунан мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынганын билдирди.  Ак-Талаа райондук ички иштер бɵлʏмʏ тарабынан аңчылык кылып жʏргɵн жарандарды аныктоо жана алардын ок атуучу куралдарынын документтерин текшерʏʏ максатында атайын буйруктун негизинде 25-январдан 28-январга чейин ыкчам профилактикалык рейд ɵткɵрʏлʏп, жыйынтыгында документи жок колдонулуп жʏргɵн 3 сайсыз ок атуучу куралдар алынган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестерине катталып, сотко чейинки ɵндʏрʏш иши жʏрʏп жатат.

Даярдаган: Жумакадырова Мɵɵркан