Баетов айылындагы «Жаш тилек» балдар бакчасында биринчи кенже тайпанын тарбиялануучулары эстафета ойношту. Эстафетанын негизги максаты ден-соолукту чыңдоо жана балдардын дене боюнун туура өсүшүнө багыт берүү. Анткени ушул куракта балдардын акыл-эси менен бирге эле физикалык жактан абдан тез өсүү мезгили болот. «Ынтымак» жана «Жөжө» деп аталган командалар шакекчеден секирүү, таяк тартыш, дене көнүгүүлөрү боюнча күч сынашты.

Тайпанын тарбиячысы Гүлзат Молдакунова: «Балдар кичине болсо да атаандашып жатканын сезип, тоскоолдуктардан тез өтүүгө аракет кылып жатышты. Оюн кызыктуу болду» дейт. Ал эми жардамчы тарбиячы балдар кичинелигине карабастан ата-энелери жок эле мындай оюндарга жакшы катышышат. Кичине балдардын атаандашып жатканын көрүү да кызык деп кошумчалады.
Даярдаган: Ырысбекова Наргиза