“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Облустук олипиадада ийгилик жараткан алты окуучу республикалык турга катышат

3 Март 2020 жыл 4:22
Көрүүлөрдүн саны: 142

Окуучулардын предметтик олимпиадасына Ак-Талаа районунан жалпы 22 окуучу катышып, алардын ичинен 6 окуучу алдыңкы орундарды камсыз кылышты.  Бул окуучулар  мыкты даярдыгын эми республикалык олимпиадага катышат.Облустук олимпиадага Нарын облусундагы Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, жКмгал, Кочкор  райондорунан жана Нарын шаарынан  алдынкы окуучулар билимдерин  сынашкан.

Жыйынтыгында;

Кызыл-Белес айылындагы С.Атамбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Адис кызы Нургүл математика сабагы боюнча 1-орун,

Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Арууке Жаныбекова орус тили сабагы боюнча 1-орун,

Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин окуучусу Имамасан Бакаев тарых сабагы боюнча 1-орун,

Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Эрнар Нурланбеков орус тили сабагы боюнча   2-орун,

Тоголок Молдо айылындагы Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Айнур Кутманова англис тили сабагынан 3-орун,

Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинен  Таазим Кутманова 3-орундарга ээ болушкан.

         

     

Даярдаган:  Карыбекова Айдана