“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада мекемелер үчүн бет каптар тигилүүдө

20 Март 2020 жыл 14:25
Көрүүлөрдүн саны: 154

Ак-Талаа районундагы №40 кесиптик лицейдеги тигүү цехинде  мекеме  ишканаларда иштегендер үчүн  беткаптар тигилүүдө.  Акимдин орун басары Кенже Карагулова:  «Беткаптар акимдин резервдик фондусунан бөлүнгөн каражатка тигилүүдө.  Баасын азырынча чече элекпиз.Бирок өз баасында сатылат. Анткени ал каражатка кайра эле материал алып келип, тигүү иштери улана берет» дейт.

   

Ал эми айылдагы дарыканаларга атайын Саламаттыкты сактоо министрлигинен бөлүнгөн беткаптар жакынкы аралыкта кеип түшөрүн кошумчалады.

№40-кесиптик лицейдин директору Эльмира Алымбекованын айтымында  беткаптарды тигүү  бүгүн эртең менен башташкан. Учурда бир топ беткап  даяр болуп калды. «Кырдаалга байланыштуу жокту айтпай тигип жатабыз. Анткени ак материал болгондуктан ылайыктуу өңдөгү  тигүүчү жиптер тартыш болууда дейт Элмира эже.

Ал эми Ак-Тал айылында дагы  жергиликтүү бюджеттен 20миңсом акча каражаты бөлүнүп, ага бет каптар тигилди. Бет каптар жергиликтүү кийим тигүү цехинде даярдалып, айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылды.

Эскерте кетсек; өткөн аптанда 5 сомдон сатылган беткаптар, баасы 20 сомдон 50 сомго чейин кымбаттаса да сатылып кеткен. Учурда беткаптарга суроо-талап күч.

     

     

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова