“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаанын аймагында ветеринардык адистер мал-жанды жана эт азыктарын көзөмөлдөшүүдө

20 Март 2020 жыл 12:30
Көрүүлөрдүн саны: 117

Учурдагы кырдаалга байланыштуу райондун аймагындагы  Ак-Тал айылындагы  чек ара  постто көзөмөл уюштурулду.  Постто тиешелүу кызматтардын өкүлдөрү сутка бою турушат.

Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспектору Мирбек Токтобаев:   «Ак-Тал  айылындагы   постто   сыртка кетип жана сырттан келип жаткан мал жандыктар көзөмөлгө алып жатабыз. Ошондой эле эт азыктары да текшерилүүдө» дейт. Ал эми ар аптанын жума күнү райондун борборунда болуучу мал базарга аларман жана сатармандар адаттагыдай эле келип алышкан. Ветеринардык адистер  учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, базардагы элди таратышкан.

Даярдаган:   Барчын Мамытбекова