Алимент- бул алууга укугу бар адамга берүүгө милдеттүү болгон адамдын акча каражаты. Алимент ата-эне ажырашкандан кийин жашы жете элек балдар менен жашай турган ата же эненин пайдасына кирешесинен 25% өндүрүлөт. Ал эми алименттин ар кандай түрлөрү бар болгондуктан биз бүгүн аталар алуучу алимент тууралуу кеп кылабыз. Кыргызстанда мамлекеттик гана сот аткаруучулар алимент төлөмдөрдү өндүрүшөт. Ак-Талаа райондук сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу Залкар Кубанычбековго район боюнча аталардын алимент алган учуру барбы деген суроо менен кайрылдык.
«Бизде учурда жүздөй иш бар алимент боюнча. Энеси бакпай таштап кетсе аталар дагы сотко кайрылып, мыйзам боюнча алимент ала алышат. Бирок Ак-Талаада андай жок».
Чындыгында жалпы Кыргызстан боюнча алимент өндүргөн аталар болгону 142 деген санды көрсөтөт. Ал эми Ак-Талаа району боюнча баласын багып жаткан аталардан жетөө гана райондук соттун алимент албайт деген тастыктамасынын негизинде жөлөк пул алышат.
Эмне үчүн ата-эне ажырашып кетсе жана бала энесинин багуусунда калса, энелер аталардан алимент өндүрүшөт, ал эми аталар эмне үчүн алимент алууга кызыкдар эмес суроону айыл тургундарына берип көрдүк.
— Кыргызстандагы эркектер мыйзамды билбегендиктен алимент албайт. Болбосо кимге эле акчанын кереги жок болсун. Алиментти Россияга соода кылып иштеп кетип калып жаткандардан өндүрүп алса болот. Толук деп айта албайм. Бирок 80 пайыз аталар мыйзамды билбейт.
-Жалпы эле Кыргызстан боюнча алимент алгандан намыстанат болсо керек.
— Балким муктаж эмес.
— Азыр күкүк энелер көбөйдү да. Аталар деле алимент алса болот. Бирок алар мыйзам бар экенин билишпейт же багып алам деген ишеничи бар. Экинчиден мамлекет деле маани бербейт.
— Үй-бүлөнү багыш атанын милдети. Ак-Талаада алимент алган атаны уга элекмин. Алган туура эмес го дейм да.
— Аталар деле алимент алса болот. Бирок алар намыстанат да.
-Кыргызстанда аталардын алимент албаганын негизги себеби-гендердик стреоетип. Адам укугуна карабастан биз стереотипке байланып жатабыз дейт гендердик эксперт Римма Султанова.

Кыргызстанда аталардын алимент албаганынын негизги себеби-бул гендердик стереотип. Мыйзамда жазылган укук. Бирок биз ошого карабастан стереотипке байланып жатабыз. Атасы да, энеси да баланы таштай качпай ан-сезимдүү адам катары балдар кимге калары тууралуу чечим чыгарышы керек. Энеси таштап кетсе сотко чечимкайрылып чечим чыгарып бер дегенге аталар али даяр эмес.

Ал эми кандай учурда бала атасы менен калат деген сурообузга Ак-Талаа райондук соту Азат Даулбеков мындай деди:
Баланы менин карамагыма калтырып бер деп доо арыз түрүндө арыз менен кайрылыш керек. Ошонун негизинде карайбыз, турмуш-тиричилик шарты социалдык өнүгүү башкармалыгынын алдында балдарды коргоо бөлүмү менен бирге канча киреше табат, баланы тарбиялоого шарты барбы, тарбиясы үчүн муктаждык болбойбу баарын текшерүү жүрөт.Ошол корутундунун негизинде анан биз карайбыз. Эки тараптын далилдерин карап, сот баа берип анан чечилет.
Эмгек акынын, ошондой эле кирешенин жоктугу ата-энени бала багуу милдетинен бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өз алдынча издеп табууга милдеттүү. Карызкор алиментти төлөбөй койгон учурда кандай чаралар бар деген сурообузга улук сот аткаруучу Залкар Кубанычбек уулу мындай деди:
Карызкорго тиешелүү мүлктөрдү камакка алабыз жана КРнын аймагынан чыгып кетүүгө чектөө коебуз. Алимент төлөө боюнча кайсы күндөн баштап эсептелет. Карызкор төлөбөсө прокуратурага чара көрүү боюнча кайрылабыз. Штраф салынат. Соттолуп кетпейт. Биз өндүрө албайбыз. Эч нерсеси жок болсо эмнесин берет. Мыйзам боюнча ата-эне багууга милдеттүү. Эгер энеси таштап кетсе,атасы сотко кайрылып алимент алууга укуктуу.
Атанын дагы, эненин дагы үй-бүлөдө баланын тарбиясы,мээрими, камкордугу маанилүү. Демек эки айрым жолго түшкөн күндө да, адам өз баласынын алдындагы милдетти унутпашы керек
Даярдаган: Барчын Мамытбекова