“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада вирусту алдын алуу иштери күчөтүлдү

2 Апрель 2020 жыл 11:14
Көрүүлөрдүн саны: 186

Таажы вирусунун учуру Нарын облусунда катталгандыгына байланыштуу  Ак-Талаа районунун аймагында ооруну алдын алуу иштери күчөтүлдү. Райондун чек арасына, айылдардын кире беришине  да посттор  коюлду.  Дээрлик жол каттамдары тыкыр токтотулду. Ошол учурда айыл ичин милиция кызматкерлери, ыктыярчылар жана мекеме жетекчилеринен турган рейд уюштурулуп, бардык кыймылды көзөмөлгө алышты.Соода түйүндөрү кечки саат 18.00 гө чейин  гана  ачык болот.  Баетов айылында   борбордук көчөлөр, ошондой эле чек ара посттору дагы дезинфекцияланды.

  

Ыктыярчылар   санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен бирдикте  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турак-жайларын дагы жугушсуздандырылды.  Ал эми акимдин орун басары Кенже Карагулова: «Көчөлөрдү дезинфекция кылууну мурдатан эле пландаштырганбыз. Бирок ӨКМнин  өрт өчүрүүчү унааларды кандай учурда  колдонуу  учүн да уруксаты болуш керек экен. Кечээ араң чечтирип келдик 150кг. хлору менен.  Бул иштердин баары мыйзамдуу жасалыш керек. Ойлогонду азыр жасай калайын десең мыйзам жол бербей калат экен кээде» дейт. Ал эми райондун аймагындагы айылдарга   азык-түлүк жеткирүү үчун бирден  жеке унааларга уруксат кагаздары берилген.

Даярдаган Барчын Мамытбекова