“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Эртең бала окубай калбаш керек!

7 Апрель 2020 жыл 17:16
Көрүүлөрдүн саны: 227

Эртең Кыргызстан боюнча билим берүү мекемелери 4-чейректи аралыктан окуу менен баштайт. Тактап айтканда бала бакчалардан тарта мектептин 11-классына чейин окуу программасына ылайык  сабактар башталат.  Мугалимдер ар кандай видео жана онлайн сабактарды өтүшөт жана  техникалык каражаттар менен окуучуларга кайтарым байланыш үчүн тиркемелерди колдонушат. Бирок элдин социалдык абалы бирдей эмес болгондуктан, бардык окуучулар аралыктан окууга катыша албай калышы да мүмкүн. Мындай учурларда балдар телеканалдардан берилүүчү сабактарды көрушөт.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова  бул тууралуу:  «Окуу башталгыча биз  мектептерде канча окуучунун окууга шарты бар,  канчасыныкы жок тактадык. Ошол маалымат боюнча  боюнча  6333 баланын  аралыктан окуу үчун  уюлдук телефондору , 451 баланын компьютердик каражаттары бар. Дагы төрт жүзгө жакын окуучу атасынын же энесинин телефонун колдонот. Бул кырдаалды жоюу үчүн билим берүү бөлүмү менен сүйлөшүп жатабыз.  Бала окубай калбаш керек. Мындай көйгөй бизде эле эмес, учурда баарында бар дейт.

Даярдаган: Барчын Мамытбекова.