“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Аралыктан окутуунун алгачкы күнү кандай өттү?

8 Апрель 2020 жыл 21:54
Көрүүлөрдүн саны: 211

Бүгүн окуучулар өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу үйдөн окушту. Мугалимдер  мурдатан даярдаган видео сабактарды  өтүштү. Сабак учурунда окуучулар менен суроо-жооп, зум тиркемелеринин жардамы менен  кайтарым байланыш жүргүзүлдү. Ошол учурда сабакка катышып жаткан окуучулардын да эсеби алынды.

 

       

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Астра Токтогулованын айтымында алгачкы эле күндө окуучулардын катышы 90 пайызды түздү. Катышпай калган окуучулардын себеби аныкталып, ата-энелери менен сүйлөшүлдү. «Мугалимдерге техникалык каражаттарды колдонууда бир аз кыйынчылыктар болду, бирок ал убактылуу көрүнүш. Мектеп бир окуучуну телевизор менен камсыз кылдык. Дагы бир окуучуга ресивери менен алып бергени турабыз.  Жылдык окуу программасын аткаруунун аракетиндебиз» дейт.

Жылдызбек кызы Аделина 1-класстын окуучусу. «Аралыктан окуу жакты. Апам, атам жана эжем сабактарыма жардам берет. Телефондон сүйлөгөндү билбей жатам десе, апасы Акмөөр Шералиева баланы үйдөн окутуу бизге женил эле болду. Анткени биз өзүбүз окуучуларды окутуп жатабыз да. Ал эми башка ата-энелер үчүн кыйын эле болуп жатса керек» дейт.

 

Даярдаган: Барчын Мамытбекова