“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада жеке ишкерлер обсервациялык пунктка демөөрчүлүк кылышты

9 Апрель 2020 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 146

Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында уюшулган обсервацияга райондогу жеке ишкерлер тарабынан 90 миң сомдук жардам берилди. Бул тууралуу акимдин орун басары Кенже Карагулова: Учурда кандай кырдаал болбосун даяр турушубуз керек. Обсервациядагы койкалар үчүн  ишкерлерге кайрылуу кылганбыз. Каражат жактан жардам беришти» дейт.

Эске салсак; Таажывирусун алдын алууг үчүн аталган айылда эски автобазанын имаратына да обсервация пункту  уюштурулган. Жеке ишкерлердин чогулткан  каражатына 30 даана матрац, 30 даана шейшеп, 30 даана  жаздык  жана 30 даана жууркан алынып келинген.

Учурда Ак-талаа районундагы аймактык ооруканада 18, Кайыңды-Булакта 40 жана №40 кесиптик лицейде 20 койка даярдалган. Бирок дагы  50  кошумча койка керек. Биз учурда камсыз кылуунун аракеттерин көрүп  жатабыз деп кошумчалады акимдин орун басары.

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова