“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ун берилет

10 Апрель 2020 жыл 7:58
Көрүүлөрдүн саны: 126

Ак-Талаа районунда аз камсыз болгон,  ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үй-бүлөлөрүнө ар кандай гуманитардык жардам берилүүдө.  Мындай категориядагы жарандар ар бир айыл өкмөттө кызматкерлердин, ыктыярчылардын жардамы менен аныкталып, тизмеси даярдалган. Келген  жардамдар ошол тизмеге ылайык  берилип, аны райондук комиссия көзөмөлгө алат.

              

         

Жакында дагы мамлекеттик материалдык резерв фондусунан  34 тонна  ун келди. Жардамдардын бөлүштүрүлүшү боюнча акимдин орун басары Кенже Карагулованын айтымында ар бир такталган үй-бүлөгө  45 кгдык  бир каптан ун берилет. Мурда алган жарандарга кайталанып берилбейт. Учурда райондо социалдык абал туруктуу. Дарыканаларда керектүү каражаттар жетиштүү.

 

«Ал эми жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамына  киребиз деген жарандык активисттер болсо анда макулдашуу менен кабыл алабыз» дейт аким Сейтек Кулубаев.

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова