“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мугалимдерге материалдык жардам берилди

23 Апрель 2020 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны: 140

Ак-Талаа районунда орто мектептердин мугалимдерине  азык-түлүктөн жардам берилди. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында мугалимдердин кесиптик бирлигин төрагасы Мирбек Сатындиев менен бирдикте мугалимдерге да өзгөчө кырдаалда колдоо  көрсөтүү максатында  кырк мин сом бөлүнгөн.

Райондун аймагында мектептерде эмгектенген көп балалуу жардамга муктаж  алтымыш мугалимдин үй-бүлөсүнө таратылды.  Ал эми жардам алууга муктаж мугалимдер  жер-жерлерде мектеп администрациясы тарабынан аныкталган.

Билим берүү башчысы Каныбек Эсеналиев: «Буга чейин дагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине акысыз беткаптар берилген. Кырдаалдан чыгуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Мугалимдерди көңүл сыртында калтырбайбыз» дейт.

Даярдаган: Барчын Мамытбекова