“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Апийим кырган ак таңдар

23 Апрель 2020 жыл 11:35
Көрүүлөрдүн саны: 170

Подкасттын бул чыгарылыштагы каарманы -Светлана Кенеева. Ак-Талаа районундагы орто мектепте биология мугалими болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 14 бир туугандын улуусу. «Лягушка прыгает» дегенден башканы түшүнбөгөн Света эже студенттик жылдары, таң атпай апийим кырган, пахта терген айыл чарба жумуштары турмушка бышырганын айтат. Комсомолдо иштеп жүргөндөгү жоопкерчилик, уй фермаларда өткөргөн күндөр, мектептеги жылдардагы кызыктуу окуялар, түйшүктүү иш жана жеке турмушу тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

Долбоор  «Сорос Кыргызстан» фондусу тарабынан колдоого алынган жана материалдын мазмуну фонддун көз карашын билдирбейт!
Убактыңызды бөлүп угуп жана бөлүшүп коюңузду өтүнөм! Чоң рахмат угарманым!
Байланыш даректери: Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы.
+996700181175

      Apijim-kyrgan-ak-ta-dar

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова