“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаалык окуучу өлкө Президентинин сыйлыгына татыды

28 Июль 2020 жыл 19:46
Көрүүлөрдүн саны: 514

Ак -Талаа районунун Э.Мейманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Алмазбекова Сезим Президенттин кабыл алуусунда болуп, мактоо баракчасы, ноутбук жана акчалай белектер менен сыйланды. Сыйлоо салтанаты Ала-Арча резиденциясында болду.

Сезим Алмазбекова КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдон сыйлык алуу учуру.  Ак -Талаа районундагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү

Ноутбук, акчалай сыйлык жана грамота менен сыйланды

Сезим бул жолугушуу туралуу:

«Резиденциянын өзү эле сүрдүү экен. Андан соң Президент Сооронбай Шарипович келип, окуучуларды куттуктады. Мамлекет башчыбыздын сөзүн маани берип уктум жана бизге арнап сүйлөп жатканына абдан толкундандым. Айрыкча атым аталып Ак-Талаа дегенде  сыйлык алууга чыкканым жана Президенттин Акталаадан келдиңби деген суроосу айрыкча толкундантты. Сыймыктандым. «Алтын сертификатка» бир упай жетпей калганымда ичим ачышкан. Буйрук экен Президенттин өз колунан сыйлык алдым. Окуткан мугалимдериме, ата-энеме абдан чоң рахмат»,- дейт.

Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин  айтымында ар бир окуучунун ийгилигинин артында мугалимдин эмгеги жана ата-эненин ар убак колдоосу турат. Аракет сөзсүз натыйжасын берет. Андыктан аракет кылуу керек.

Сезимдин айтымында тестке 9-класстан баштап даярдана баштаган. Ар кандай предметтик ийримдерге барып, билимин терндетүүгө аракеттенген. Ал эми 11-класста борбор калаадагы атайын курстардан окуган.

Эске салсак, Сезим Алмазбекова жалпы республикалык тестирлөөдө 218 балл менен райондогу эң жогорку көрсөткүчтү берген.

 

 

Барчын Мамытбекова