Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты учурда жараксыз болуп, имараттын дубалдары чекесинен урап түшө баштаган. Бирок ошондой кыйроо абалына карабастан бул борбордо айыл тургундары дарыгерге келип көрүнүп, көрсөтмө алып дарыланып турушат.

Имарат 1960-жылы курулуп бүткөн
Аталган имараттын курулушу Ленин колхозу уюшулган 1958-жылы башталып, 1960-жылы ишке берилген. Ошол 62 жылдан бери бир дагы жолу капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Жерге-Тал айыл өкмөтү дотацияда тургандыктан имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат жок.

Имарат авариялык абалда

Бардык тиешелүү тараптарга кайрылып жатам, кышка чейин оңдолуп калса жакшы болот эле дейт айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенова:
«2017-жылдан бери эле саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып жатам. Бирок жооп болгон жок. Быйыл стимгрантка дагы долбоорун жөнөткөнбүз. Биринчи этаптан өттүк. Бирок ишке жайгаштыруу деген жеринде ремонт болсо мурдагы эле медкызматкерлер иштейт деп жазып койдум эле. Ошол себептүү азыр кошумча тизмеде биринчи болуп турабыз. Өздүк салымга дагы каражат карап койдук эле. Учурдагы пандемияга байланыштуу мамлекет медициналык мекемелерге гранттарды бөлүп, тиешелүү деңгээлде ремонттон өткөрүп, кышка даярдаса жакшы болот эле. Убактылуу болсо да пайдаланып турмакпыз.
Айылдагы бала бакча жана мектептерге уюшулган күндүзгү стационар борбордун имаратына көчүрүлүп, 10 койка коюлду. Бирок абал оор эле. Кышка даяр эмеспиз»,- деп кошумчалады айыл өкмөт башчысы.
Ошондой эле, пандемия башталгандан эле күндүзгү дарылоочу жайда иштеген айылдагы дарыгерлер март айынан бери бейтаптарды дарылап, өз милдеттерин аткарып жатканы менен айлык маянасы аз экенин дагы айтты.
«Азыр COVID-19 илдети менен жабыркаган бейтаптарды дарылаган «Кызыл зонада» иштеген дарыгерлерге кошумча каражат төлөнүп жатат. Ал эми биздин айылдык оорукананын күндүзгү дарылоочу жайы 170ден ашык бейтаптарды кабыл алса, анын ичине 70ке жакыны ковидке шектүү болуп дарыланды. Дарыгерлер, медициналык жана кенже кызматкерлер баары «Кызыл зонанын» эрежелерине ылайык иштеди. Демек аларга дагы кошумча каражат төлөнсө болмок.»
Барчын Мамытбекова