Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы “Тынчтык” балдар бакчасынын биринчи имараты 2млн 388 мин сомго оңдолуп баштады.

Бала бакчанын суу таамп, чирий баштаган шыбы

Жылуулук системасы

М.Мундусбаева «Тынчтык» бала бакчасынын жетекчиси
Бала бакчанын жетекчиси Майрамкүл Мундусбаеванын айтымында 1956-жылы курулуп, колдонууга берилгенден баштап, капиталдык ремонттон өткөн эмес.
«3 жылдан бери бала бакчаны ремонттоо үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор сунуштап келгенбиз. Быйыл долбоорубуз өтүп, оңдоо иштери башталды. 150 орундуу бала бакчанын биринчи имаратынын чатыры, каалга-терезелери, шыбагы жылуулук системасы жаңыртылат. Тендерди утуп алган фирма 30-августка ремонт иштерин бүтүрүп беребиз деп пландаштырып жатышат».
Буга чейин жаан жааган учурларда имараттын чатырынан тамчы тамып, бир топ көйгөй жаратып келген. Ал эми жылуулук системасындагы суу түтүктөрү чиригендиктен суу агып, жакшы жылыта албай калган.
Ак-Талаада сырттан келген дарыгерлер үчүн турак-жай курулат
Барчын Мамытбекова