“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Пандемияга байланыштуу Соң-Көлдө туристтер жокко эсе

16 Август 2020 жыл 21:17
Көрүүлөрдүн саны: 187

Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу быйыл Сон-Көл жайлоосуна алыскы чет өлкөлөрдөн туристтердин келиши мурдагы жылдарга салыштырмалуу жокко эсе. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Сейтек Кулубаев менен жолугушууда жайлоодогу туристтерди кабыл алуучу конок үйлөрүнүн ээлери маалымдады.

Аким С.Кулубаев Соң-Көл жайлоосунда конок үйлөрдүн ээлери менен жолугушууда

Соң-Көлдөгү «Хан-Теңири» конок үйү

Соң-Көл жайлоосундагы конок үйлөр

Рай.айким С.Кулубаев Соң-Көл жайлоосундагы “Хан Теңири”, “Ак-Сай Травел” жана башка туристтик кампаниялар менен иш алып барган конок үйлөр менен жеринде таанышып чыкты. Жолугушууда ички туризмди жандандыруу жана өнүктүрүү үчүн талапка ылайык, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген кабыл алууну, мезгил талабына ылайык заманбап тейлөө кызматтарын уюштуруу тууралуу сунуштарды айтып, бардык учурда конок үйлөрү туристтерди кабыл алууда санитардык -тазалык нормаларды, экологиялык эрежелерди сактап, жайлоодогу башка  айыл аймактар менен мыйзам алкагында жигердүү кызматташуу керектигин кошумчалады.
Ошондой эле бир топ жылдан бери жайлоодо туризм боюнча жеке ишкерлик кылып келе жаткан Байыш Апилов ички туризм боюнча маалымат берди. «Быйыл сырттан келген туристтер жок. Бирок туристтик фирмалар аркылуу Кыргызстандын ар тарабынан өзүбүздүн жарандар келип эс алышууда. Тейлөө кызматынын тарифтери да ошого жараша өзгөргөн. Фирмалар аркылуу бирин-экин билдирмелер болуп жатат. Аба каттамдар ачылып калса, ишибиз жанданып кетер деп ойлоп жатабыз» дейт.

Ильич Мансургазиев жеке ишкер

Ал эми бир канча жылдан бери чет элден келген туристтерди тосуп алып, коштоочу жана тилмеч кызматын аткарып жүргөн Ильичбек Мансургазиев: жылда  көрсөткөн кызматым үчүн жакшы каражат таап алчумун. Быйыл кырдаалга байланыштуу туристтердин жоктугунан жеке чарбалык иштери менен алек болуп жатам. Пандемия ушул тармакта иштеп, үй-бүлөсүн баккан көп эле ишкерлер үчүн кедергисин тийгизгенин айтты

Даярдаган: Барчын Мамытбекова