“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаадагы билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр

20 Август 2020 жыл 22:19
Көрүүлөрдүн саны: 255

Ак-Талаа районунда жалпы орто билим берүүчү 18 мектеп жана мектепке чейинки 22 мекеме  бар.  Атайын түзүлгөн райондук комиссия жаңы окуу жылына карата  даярдыгын жеринде  кабыл алды.

Мектептин залы

Класстык бөлмөлөр

Бала бакчаларды жашылдандыруу

К.Карагулова Акимдин орун басары К.Эсеналиев РБББнын башчысы (солдон онго)

Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

“Мектептер республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга ремонт иштери жасалды. Ошондой эле демөөрчүлөрдүн жардамы менен дагы бир топ иштер жасалганын көрдүк. Ремонтту кайсы мектеп кандай деңгээлде жасагандыгын комиссия карап жатат. Жыйынтыгы менен “Эң мыкты мектеп” жана “Эң мыкты бала бакчаны” аныктайбыз”.


Ал эми комиссиянын төрайымы Кенже Карагулова мугалимдер пандемия деп отура бербестен мектептин алдын гүлдөтүп, 1-класстын окуучулары окуй турган бөлмөлөрдү абдан жакшы даярдашкандыгын айтты.

“Бөлмөнүн ичинде санитардык эрежелерди сактоого түзүлгөн шарттар мыкты. Антисептик каражаттар коюлган. Жылдан-жылга ремонт иштери сапаттуу жасалып келе жатат” деп кошумчалады.

Айрым бала бакчалары тарбиялануучуларды кабыл алууга даяр болсо,  обсервация жана күндүзгү дарылоочу жай катары колдонулгандыктан  айрымдарында учурда ремонт иштери жүрүп жатат.

Даярдаган: Барчын Мамытбекова