“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сүрөт: Акталаада дан эгиндерин оруп-жыюу иштери жүрүүдө

3 Сентябрь 2020 жыл 10:41
Көрүүлөрдүн саны: 150

Ак-Талаа районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү 20-августта башталган. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда дыйкандардын эмгегин текке кетирбей, кышка калтырбай оруп-жыюу иштерин бүткөрүү болгон аракеттер көрүлүүдө.

Эгин талааларындагы оруп-жыюу иштери

«Жаңы-Талап айыл өкмөтүнө караштуу «Жакаш» үрөн кооперативинин 5 гектар аянтына биринчи комбайн чабыкка түштү. Ал жерге арпанын «Бестам» сорту себилген. Гектарына 50 центнерден түшүм алынды. Бул үрөн Ак-Талаа районунун элине сатылат. Мындан сырткары быйыл биринчи жолу «Жея» сортундагы беденин үрөнү (Канада өлкөсүндө өстүрүлөт) Тоголок-Молдо айыл өкмөтүндө 10 гектар жерге эгилип, өсүшү жакшы болду. Бул көп жылдык тоби өсүмдүгү болгондуктан биздин климаттык шартта экинчи жылы түшүм бермек. Бирок быйыл эле түшүмүн берди. Бул сорттон биринчи жылы эле түшүм алынууда»,-  дейт Ак- Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиев.

Айыл өкмөт башчылары эгин талааларында

 

Оруп-жыюу иштеринин жүрүшү

 

Өзгөн районунан алынып келинген комбайндар

 

 

Башка аймактан 2 комбайн келди

 

Өзгөн районунан жардамга алынып келинген 2 комбайн учурда Жаңы-Талап, Тоголок Молдо жана Ак-Тал айыл өкмөтүндө оруп-жыйноо иштерин баштаганы кошумчалады.

 

Барчын Мамытбекова