Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган “Биримдик” командасы өздөрүнүн мектебине желим идиштер үчүн бир, ар кандай таштандылар үчүн эки челек орнотушуп, маалымат тактасын коюшту. Окуучулар бул аракетти ЮНИСЕФтин “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” деген долбоордун алкагында ишке ашырышкан.


Желим таштандылар үчүн орнотулган челек


Таштанды үчүн мектептин алдына коюлган челек

ЮНИСЕФтин Ак-Талаа району боюнча куратор Токтосанат Сапарбековдун маалыматына караганда окуучулар өз айылындагы же мектебиндеги көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышып, аларды чечүүнүн жолдорун сунушташкан. Долбоордун негизги максаты коомдо балдардын жана жаштардын жигердүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Токтосанат Сапарбеков ЮНИСЕФтин Ак-Талаа району боюнча куратору
“Үгүт айыл өкмөтүнө караштуу эки мектепти пилоттук мектептер катары тандап алганбыз. 7Окуучулар арасында анкета жүргүзүлгөн. Ошонун негизинде окуучулар тандалып алынып, аларга долбоор жазуу, көйгөйдү аныктоо сыяктуу окутуулар өткөрүлдү. Долбоорго жалпы 5 команда катышкан. Жыйынтыгында М.Баетов мектебинин “Биримдик” командасы жеңүүчү деп табылып, таштанды челектер орнотулду. Бул ишке ашырып жаткан экинчи долбоорубуз”,- дейт.

«Биримдик» командасы

Долбоорду жактоо

Окуучулар окутуу учурунда

Окутуу учурунда

Окутуу учурунда

Мындан сырткары, жакын арада дагы эки скамейка, 2 таштанды салынуучу челек коюларын кошумчалады.
Видео: Акталаада кыргыз тил күнүнө карата иш-чаралар аралыктан өттү
Барчын Мамыбекова