“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Айыл ичинде кароосуз калган аялдамалар

25 Сентябрь 2020 жыл 20:09
Көрүүлөрдүн саны: 134

Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы 6 аялдама бар. Учурда ошол аялдамалар таланып-тонолуп, отура турган отургуч, жада калса, үстүн жапкан темир материалдардан бери чыгарылып, кароосуз калган.

90-жылдары  борбордук көчөлөргө аялдамалар орнотулган. Ал кезде Кайыңды-Булак, Баетов, Терек айылдарына ич ара эл ташуучу автобустар каттачу. Күндүн белгилүү бир убактыларында каттаган автобусту эл аялдамалардан күтүп, түшүп кетишчү. Жол кире акысы айыл ичинде 5 тыйын, Кайыңды-Булак, Терек айылдарына 10 тыйын болгон.

Чатыры жок аялдама

Д.Ажиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдама

Автобекеттин жанындагы аялдама     

Мырзалымбеков көчөсүндөгү аялдама

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков аялдамаларды оңдоп-түзөп, калыбына келтирүү планда бар экенин айтты.


“Баетов айыл аймагында 6 аялдама бар. Убагында талапка ылайык курулганы менен эгемендик алган жылдары каралбай, тонолуп кеткен. Жакынкы аралыктарда оңдоодон өткөрүп, кайрадан эл кызматына берели деп жатабыз”.

Ал эми Баетов айылынын тургуну Акылай Султаналиева ал автобустарга түшүп, алып далай жумуш бүтүрчү элек. Ал кезде такси жок. Бирок азыр деле айыл ичинде унаа каттап турса сонун эле болмок. Анткени таксиге баарынын эле акчасы жок, кымбат. Алыс жерден мектепке барып окуган окуучуларга да жакшы болмок”,- деген оюн айтты.

Сүрөт: Баетовдогу Дөрбөлжүн аянты кечээ жана бүгүн…
 

Барчын Мамытбекова