“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жолбун иттер короодогу малга кол сала баштады

28 Сентябрь 2020 жыл 10:36
Көрүүлөрдүн саны: 152

Баетов айылында жолбун иттер короого кирип, малга кол сала баштады. Баетов айылынын тургуну Мирбек Мурзабековдун короосундагы кочкорун 4-5 ит түндө дубалдан секирип кирип, жеп кеткен. Жубайы Гүлбадам Какаеванын айтканына караганда таңга маал эшикке чыкканда көргөн.

Гүлбадам Какаева

“Кочкорду тукумдукка сатып алдык эле. Сан этинен эч нерсе калбаптыр. Кынык алып алса балдарга кол салбайт деп эч ким айта албайт да. Короодогу малга кол салган иттерден коркуп жатабыз. Эми кеч күздө малдын баары тоодон түшөт. Төл маалында кантебиз. Кыздарым короодогу торпокту да аңдып жатышыптыр деп айтышты”.

Баетов айыл өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда жыл сайын кар түшкөн маалда 400гө жакын жолбун ит атылат. Башка учурларда атуу иштери жүрбөйт.

Айыл өкмөтүнүн башчы Талант Турусбеков жолбун иттер жогорудагыдай коркунуч туудуруп жаткан учурда жарандар кайрылса атып жок кылабыз. Азырынча кайрылуу боло элек”,- дейт.

Сумбулада жолбун иттер атылды

 

Барчын Мамытбекова