“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Үч жылдан бери бүтпөгөн көпүрө…

1 Октябрь 2020 жыл 16:14
Көрүүлөрдүн саны: 138

Ак-Кыя Көк-Жар суусунун боюндагы көпүрөнүн курулуш иштери 2017-жылы башталган. Буга чейин 11млн сомдук иш аткарылган.

Көпүрөнүн ондолуп жаткан тарабы

Көпүрөнүн оңдоло элек тарабы

Көк-Жар суусу

Жол чарба департаментинин Нарын облусу боюнча жетекчиси Нурбек Токобаевдин айтымында өлкөдөгү пандемияга байланыштуу каражат бөлүү жагы кыскартылган.

Кубан Токобаев жол чарба департаментинин Нарын облусу боюнча жетекчиси

«Жалпы наркы 13млн сом. Жакын арада улантылып, бир айдын ичинде көпүрө  бүткөрүлүп, ишке берилет. Жолду оңдоп-түзөө иштерине жол транспорт министрлигинен каражат бөлүнгөн».
Актал чат-Казарман жолунун 20 км бул жолдун туурасы кичине болгондуктан чоң  унаалар өтүүгө тардык кылчу. Ал эми көпүрөнүн узундугу мурда 6 метр болсо, азыр 11 метр жасалат. Көпүрөнүн бир тарабында жөө адамдар өтүүчү атайын тилке дагы бар.

Барчын Мамытбекова