“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Чолок-Кайың айылында бешинчи көпүрөнүн курулушу башталды

12 Октябрь 2020 жыл 22:17
Көрүүлөрдүн саны: 124

Чолок-Кайың айылындагы Кум-Арыктын сайына көпүрө куруу иши башталды. “Кемп Ала-Тоо” эл аралык уюму көпүрө куруу үчүн курулуш материалдары менен толук камсыз кылган. Ал эми курулуш иштери айыл тургундарынын күчү менен жасалууда. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гулмайрам Учугенованын айтымында бул аталган уюмдун материалдык колдоосу аркылуу курулуп жаткан бешинчи көпүрө.

Көпүрөнүн курулуш иштериндеги айыл тургундары

Кум-Арык сайы

Курулуш иштери

“Курулуш материалдарынын жалпы баасы 360 миң сомдун тегереги. Өздүк салым катары элдин жумушу күчү 110мин сомго бааланды. Айылды кеңейтүү үчүн ген.планга түшкөн Чолок-Кайың-2 айылы менен байланыштырып турган, автоунаалар өтүүчү чоң көпүрө болот. Курулушка мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен дагы эч кандай каражат которулган жок”.

Кум-Арык сайына курулуп жаткан көпүрөгө материалдык колдоо Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин долбоору аркылуу келген. Кум-Арык сайы айылдын күн чыгыш тарабында жайгашкан.

 

Кош-Дөбөдөгү Сулайман Шералиев көчөсү жарыктандырылды 

Барчын Мамытбекова