“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыялдар бара-бара максатка айланат…

14 Октябрь 2020 жыл 19:02
Көрүүлөрдүн саны: 397

Керемет жана Акбермет Эркинбековалар Ак-Талаа районундагы Үгүт айылынын тургундары. Учурда Кыргыз-Түрк Манас Университетинде окушат. Бир тууган кыздар мектепте алдыңкы окуучулардан болушса, жогорку окуу жайда дагы жакшы окуп, коомдук иштердин башында турушат.

Акбермет жана Керемет атасы жана иниси менен

Кыялдар кыял боюнча калып калбаш керек деген Керемет ойлорун бөлүштү.

Керемет Эркинбекова курултайда

Керемет Эркинбекова «Акталаа биримдиги» коомдук бирикмесинин сыйлыгын алуу учуру

«Кичине кезимде телевизордон журналисттерди көруп, мен да ошондой болсом деп кыялданчумун. Бара-бара турмушка олуттуу карап калат экенсин. Кыялдар максатка айлана баштайт. Ошол себептүү Манас университетинин коммуникация бөлүмүн тандадым. Эч качан кыялдар кыял боюнча калып калбаш керек. Максатындын артынан ээрчисең тынбаган аракеттин натыйжасында ал нерсе сөзсүз ийгилик берет.
Ал эми бир туугандардын кичүүсү Акбермет мектепте дайым сүрөтүм алдынкылардын катарында илинип турар эле дейт.

Акбермет Эркинбекова

Акбермет Эркинбекова (солдон оңго)

«1-класстан баштап 11-класска чейин жакшы окудум. Эжем, байкем жакшы окугандыктан стимул болдубу, айтор мектепте жакшы окугандардын сап башында жүрдүм. Мектепте 21-кылымдын кадрлары деген такта бар болчу. Ошол тактада 11 жыл бою сүрөтүм илинип турду. Мага бул сыймык болчу. Ар кандай билим таймаштарында, олимпиадаларда байгелүү орундарды алып жүрдүм. Билим эч качан ашыктык кылбайт».
Кыргыз элинде “кыздын кырк чачы улуу” деп сыйлап, бөтөнчө урмат көрсөтүп келишет. Артка кылчайып карасак кыргыз кыздарынын баатырдыгы, акылмандыгы, уздугу, даанышмандыгы даңазаланып, тарыхта калгандары бар. Керемет Эркинбекова илгертен эле кыргыз кыздарынын коомдо ролу чоң болгон дейт.

Керемет Эркинбекова окуу жайда иш чара алып баруу учуру


Илгертеден эле кыргыз аялдарынын коомдогу орду, алардын аткарган милдети, эл турмушунда ойногон ролу абдан чоң болгон. Айымдар жеке эле үй чарбачылыгына тиешелүү жумуштарын аткарып эле тим болбостон, согушта жана тылда эркектин жардамчысы, таянычы болуп, түйшүгүн чогуу тартышкан десек жаңылышпайбыз. Азыркы учурда дээрлик тармактарда иштеп, коомдун жүгүн көтөрүп келишет. Кыргыз кыздарынын колунан келбеген иш жок».
Кыздардын коомго керектүү, билимдүү инсан болуусу үчүн албетте үй-бүлөлүк тарбия дагы маанилүү. Бирок кыздарга энеси эле эмес, атасы дагы кеңешин берип туруусу керек дейт философия илимдеринин.доктору, гендердик эксперт Асылбек Эшиев.

Асылбек Эшиев Философия илимдеринин доктору, гендердик эксперт

СХН Кыздарды тарбиялоодо эне эмес ата дагы кеп-кенешин берип, каалагандай шарт түзүп берүүсү керек.Бирок тилеке каршы көп үй-бүлөлөрдө кыздарга көз караш башкача экенин байкап жүрөбүз. Кээ бир аймактарда кыздар үчүн такыр мүмкүнчүлүк жок деп айтса болот.
Ооба кыздарга тарбия берүү менен колдоо маанилүү.

Керемет Эркинбекова ата-энеси жана бир туугандары менен

Керемет жана Акберметтин апасы Сьезд Жакыпова кыздары тууралуу мындай деди:

» 4 кыз, 2 уулубуз бар. Баары мектепте жакшы окушту. Албетте ата-энени көкөлөтө турган дагы, жерге чапчу дагы балдары. Ар бир ата-эне баласы, кызы менен сыймыктангысы келет. Биз да кыздарыбыз менен сыймыктанабыз. Ал жөнүндө кайда болбосун жакшы гана сөз угабыз. Коомдук иштерге дагы катышып турушат. Бул эми алардын өздөрүнүн өсүп-өнүгүүсү үчун керек. Пандемия учурунда жергиликтүү ФАПка колунан келген жардамдарын берип жатышты».
Кыздар инсан катары өлкөнүн өнүгүшүнө билими, эмгеги аркылуу салым кошо алышат. Бирок бул байкалбай калып жатат. Себебин гендердик эксперт Асылбек Эшиев айтып берет.

«Кыргыз кыздары коомдун өнүгүшүнө салым кошо алат. Буга мыйзам дагы жол берет. Кыздарда дагы, балдарда дагы укук бирбей. Тилекке каршы алардын салымы эмнегедир көрүнбөй калып жатат. Укук бир, бирок кыздарда мүмкүнчүлүк мүмкүнчүлүк аз болуп жатат. Эски көз караштар дагы деле байкалып жатат».
Чындыгында, мүмкүнчүлүгү бар, билимдүү, илимдүү кыздар ар бир доордо болгон жана боло берет. Керемет Эркинбекова кыздардын коомдогу орду бул учурдун актуалдуу маселеси деп ойлойт.

Керемет Эркинбекова Туркия мамлекетинде

«Кыздардын коомдогу орду учурдун актуалдуу маселеси. Анткени кыргыздарда аял үйдө отуруш керек деген стереотиптик коз караш сиңип калган. Эмне үчүн өз кесибин жакшы билген кыз үйдө отуруш керек. Ал өзүнүн айылыбы, олкөсүбү өнүгүүсүнө жаран катары салым кошо алат. Мисалы мен келечекте өз ордумду тапкан учурда сөзсүз айылыма, мектебиме жардам берем деген максатым бар.

Барчын Мамытбекова