“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы жеке менчик көмүр топтоочу жайларда көмүр бар

14 Октябрь 2020 жыл 15:58
Көрүүлөрдүн саны: 136

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жеке автоунаа айдоочулар тарабынган сегиз көмүр топтоочу жеке менчик жайлар уюшулган. Учурда болжол менен 120-150тн көмүр отуну жыйналган. Ал эми сатыкта баасы 2500-2700 гө чейин.

Район акими Сейтек Кулубаев көмүр топтоочу жайларда болду

Жеке менчик көмүр топтоочу жайлар

«Турук» көмүр кенинде «Сардар», «Турук-Майнинг» ишканалары көмүр өндүрүүдө. Учурда «Турук» көмүр кенинде, аталган эки ишкана тарабынан тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан, көмүр өндүрүү убактылуу токтоп турат.

«Турук» көмүр кесими


Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациянын маалыматына караганда эки-үч күндүн ичинде «Сардар» ишканасы тарабынан көмүр өндүрүү иштери жүргүзүлүп, элге көмүр отуну сатыкка келет.
Эскерте кетсек; Ак-Талаа районунда быйыл кышка камылга кечирек башталды. Учурда бджеттик мекемелердин 97%, ал эми калктын 20 % гана көмүр отуну менен камсыз болду.

Барчын Мамытбекова