Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебине жаңы жылуулук системасы коюлду. Бул үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 1млн.973 миң сом бөлүнгөн.

Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби
Мектеп директору Жайнак Тобокелов:
«Мектептин негизги корпусу 1997-жылдагы катуу жер титирөөдөн кийин жер төлөөсү менен чогуу кайра салынган. Бирок жылуулугу начар болчу. Талапка ылайык эмес эле жылуулук түтүктөр коюлган экен. Ата-энелер, мугалимдерден дайыма бул маселе боюнча даттануулар болуп турчу. Кээде тамчы тамчу. Жергиликтүү кеңешке маселе коюп жатып, каражат жагы чечилген. Быйыл жергиликтүү бюджеттен бөлунгөн каражатка негизги окуу имаратынын жылуулук системасы толук алмашылды”,- дейт.

Жаңы орнотулган электр от казандары

Жаңы орнотулган жылуулук түтүктөрү
Аталган мектеп 3 окуу имаратынан турат. Алардын бири электр от казаны менен, калган 2 окуу имараты көмүр отуну менен жылытылат. Учурда кышка карата 108тн. көмүр отуну түшүрүлгөн.
Кош-Дөбөдөгү Сулайман Шералиев көчөсү жарыктандырылды
Барчын Мамытбекова