Суу ысырапты кыскартуу аркылуу сугат аянттарын суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында райондук суу-чарба мекемеси (УОС) тарабынан чарба аралык каналдарды куруу жана оңдоо иштери жүрүүдө.

Cуу каналдарынын курулуш иштери жүрүүдө

Терек айылынын түндүк тарабынан башталган темир бетон «Г-120» каналы аталган айылдын аягына чейин курулган. Андан кийин канал жок үчүн, аң-чөнөк менен аккан суу айдоо аянттарына өз көлөмүндө жетпей, маселе жаратып келген.

Суу-чарба башкармалыгынын башчысы Байыш Үтүров район жетекчи С.Кулубаев менен оңдоп-түзөө иштеринде

Оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүчү таш арык
Райондук суу-чарба башкармалыгынын башчысы Байыш Үтүровдун маалыматына караганда Кара-Чий аймагына чейин каналдын курулуп жатканы абдан жакшы. Анткени ошол аймактагы дыйкандарга 100л суу берилсе, анын 40 литри жолдогу аң-чөнөктөргө агып кетти. Натыйжада белгилүү бир өлчөмдөгү суу коромжу болчу. Эми суу менен камсыздоо жагы жакшыртылат. Сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн каналдар курулуп, эгер мурда курулгандары болсо оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек.”
Учурда суу чарба башкармалыгы республикалык бюджеттен каралган 1млн сомго жакын акча каражатына 1,4 чакырымга чейин канал курууда. Ал эми Баетов айыл аймагынын алдындагы “Талаа булак” суу пайдалануучулар ассоциациясы дагы ушундай эле аралыкта канал куруп жатат. Каражат Буткүл дүйнөлүк банктын “суу пайдалануучулар ассоциацияларын колдоо” долбоору аркылуу бөлүнгөн.
Акталаада саламаттыкты сактоо мекемелерине жылуулук берилди
Барчын Мамытбекова