“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

16 Октябрь 2020 жыл 15:59
Көрүүлөрдүн саны: 169

Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы октябрь айынын биринчи жумасында белгиленип келген. Өлкөбүздөгү саясий кырдаалга байланыштуу агартуучуларга арналган салтанат Ак-Талаа районунда бүгүн өткөрүлдү.

Ага райакимдин орун басары Кенже Карагулова, райондук билим берүү башчысы Каныбек Эсеналиев, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору Касымбек Мамытов, Баетов айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков жана райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринен өкүлдөр катышты. Ал эми айылдагы мугалимдер мектептердин мугалимдери ЗУМ тиркемеси аркылуу бул иш-чарага аралыктан күбө болушту.


Каныбек Эсеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагындагы жетишкенедиктерин айтып өттү.
“2019-2020-окуу жылынын акыркы чейректе аралыктан окуу болду. Мындай окутуу агартуу тармагындагылар үчүн күтүүсүз абал болду. Мурда мугалимдер окуучуну китеп, доска, бор ж.б көрсөтмө куралдар менен окутуп билим берип келсе, эми алардын алдында тез арада техникалык каражаттарда иштөөнү, видеосабак даярдоо жана тартуу, интернет тиркемелерди өздөштүрүү талабы турду. Бирок мугалимдердин ар бири жоопкерчилик, чыгармачылык, сабырдуулук, өз кесибин сүйүү менен бул кырдаалдан чыга алдык. Аракеттердин жыйынтыгы менен окуу жылынын аягында бүтүрүүчүлөр ЖРТдөн мыкты жыйынтыктарды көрсөтө алышты. Пандемия учуру экендигине карабастан бардык билим берүү мекемелери ондоп-түзөөдөн өттү. Азыр дагы аралыктан окутууда болгон аракеттерди жумшап жатасыздар”.

Кенже Карагулова акимдин орун басары

Касымбек Мамытов- Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору

Талант Турусбеков Баетов айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы

Мирбек Сатындиев мугалимдердин кесиптик уюмунун төрагасы  

Салтанатта Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова, Нарын облустук билим берүү округунун жетекчиси Касымбек Мамытов, кесиптик уюмдун төргасы Мирбек Сатындиев, Баетов айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков дагы куттуктоолорун айтышып, пандемия учурундагы мугалимдердин кошкон материалдык жардамдарын, агартуу кызматкерлеринин кайратмандыгын баса белгилешти.

Агартуунун ардактуу мугалимин окуучулар куттуктады
Барчын Мамытбекова