“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сүрөт: Акталаада билим берүүнүн алдыңкылары сыйланды

17 Октябрь 2020 жыл 21:33
Көрүүлөрдүн саны: 152

Ак-Талаа районунда мугалимдердин кесиптик майрамына карата өткөн салтанатта билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген алдыңкы мугалимдер, тарбиячылар жана жамааттар сыйланды. Ошондой эле ардагерлер ардактуу эс алууга узатылды.


Алгачкы сыйлык Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору Касымбек Мамытовго “Ак-Талаа районунун Ардактуу Атуулу” наамы тапшырылды.

КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен:
Шералиева Акмөөр Сулаймановна-Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби;

Шералиева Акмөөр Сулаймановна-Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби; 

Айдаркулова Кайыркүл Токоновна-Балдардын билим берүү борбору;

Нурманбетова Гулмайрам Монолдоровна-Ак-Талаа райБББ;

Арпачиева Жумагүл Акчубаковна-К.Молдобосанов атындагы орто мектеби;

Аскарова Кундуз Карыпбековна- М.Балбаков атындагы орто мектеби;
Макелеева Нургүл Арпачиевна-Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби ж.б
Ал эми К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Рысбү Дөлөева КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды.

Рысбү Дөлөева (оңдон экинчи) К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Мындан сырткары аталган министрликтин, Нарын облустук УБББнун, КРнын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун, райББББнын жана Баетов айыл өкмөтүнүн Ардак Грамоталары, Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Жаңыл Кенеева КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы

Амангүл Нурдөөлөтова КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы

Адилбек Көчөрбаев КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы

Фарида Абдылдаева КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы

Айбек Кожоев Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун Ардак Грамотасы

Минара Султаналиева Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун Ардак Грамотасы

Нарын облустук УБББнун директору Касымбек Мамытов агартуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, быйылкы өзгөчө кырдаалда мугалимдик кесип-кесиптердин төрөсү экени далилденгенин айтты.
“Мугалимдердин пандемия учурунда жоопкерчилиги эки эсе жогорулады. Санариптештирүү боюнча ар бириңиздер устат болдуңуздар. Анткени билбейм дебей үйрөнүп, ар кандай тиркемелерди колдонуп сабак даярдап өтүп жатасыздар. Бул абдан чоң жетишкендик жана биздин алдыга жасаган ийгиликтүү кадамыбыз”,- дейт.

Акталаада мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди


Барчын Мамытбекова