“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мугалимдер ардактуу эс алууга чыгышты

20 Октябрь 2020 жыл 16:22
Көрүүлөрдүн саны: 353

Ак-Талаа районундагы мектептерде иштеген 10 мугалим быйылкы окуу жылында ардактуу эс алууга узатылды. Райондук БББнын башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында билим берүү тармагында иштеп, ардактуу эс алууга кетүүчү мугалимдер чон салтанат менен белгиленчү.

Ак-Талаа райББББсы Каныбек Эсеналиев

“Быйыл өлкөдөгү пандемияга байланыштуу чакан чөйрөдө узатылып, аларга  белектер менен бирге ыразычылык каттар тапшырылды. Ардактуу эс алууга чыгып жаткан агай-эжелердин бардыгы пенсия курагында жана эн улуусу 67 жашта. Ал эми бир мугалимге иштеген мектебиндеги лаборанттык кызматка которулду” дейт.

Олег Итигулов- Бердалы Календеров атындагы орто мектеби

Муканбет Карыпбаев Муса Баетов атындагы орто мектеби

Салтанат Абдраева Муса Баетов атындагы орто мектеби

Жумабек Чырмыев Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби

Клара Кабылбекова (оңдон экинчи) Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби

Ырысбү Дөлөева Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби

Жана ошондой эле:

Марс Искенбаева- Мукаш Базаркулов атындагы орто мектеби

Сыргагүл Төлөгөнова- Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби

Бурул Райымбекова-Байымбет атындагы орто мектеби

Чынар Матанова-Байымбет атындагы орто мектебиндеги мугалимдер дагы өз каалоолору менен ардактуу эс алууга кетишти.
Ал эми райондун билим берүү тармагы быйылкы жаңы окуу жылында сегиз жаш мугалим менен толукталды.
Эскерте кетсек; Эркектер үчүн пенсия жашы — 63, аялдар үчүн — 58 жаш. Ошондой эле “Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, айрым кишилерге жеңилдиктер каралган.

Барчын Мамытбекова