“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Он жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй куруп беришти

23 Октябрь 2020 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 228

Ак-Талаа районудагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургуну Жазгүл Бектурсуновага 1992-жылы төрөлгөн классташтар үч бөлмөлүү үй тургузуп беришти.

Жазгүл Бектурсунова

Жазгүл Бектурсунованын жаңы тургузулган үйү

Аталган айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаты, социалдык кызматкер Назира Чыкын кызынын маалыматына караганда, классташтардын быйыл мектепти бүтүргөнүнө 10 жыл толду. Алар жолугушуу кече өткөрүүнүн ордуна жалгыз бой энеге там салып берүүнү демилгешип, жаз алды менен курулуш иштерин башташкан. Бирок пандемиялык кырдаалга байланыштуу курулуш убактылуу токтогон.

Назира Чыкын кызы Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты, социалдык кызматкер

 

Жаңы тургузулган үйдүн ачылышына айыл тургундары катышты

“Жазгул айылдагы мектепте кенже кызматкер болуп эмгектенет. Төрт кызы бар. Жолдошу 2-3 жыл мурда ооруп, көзү өтүп кеткен. Өзүнүн эски үйүнүн жанына үч бөлмө там салып берип, бүгүн лентасы кесилди. Классташтар өздөрү демилге көтөрүп, абдан жакшы саамалык жасашты. Айыл эли бүгүн бир үй-бүлөгө балдарыбыздын  жасалган жакшылыгына күбө болдук”,- дейт Назира Чыкын кызы.

Мындан мурда Жерге-Тал айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө айылдаштары үй куруп беришкен.

Барчын Мамытбекова