“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Пандемияда кары-картаңдардын кышка даярдыгы кандай?

27 Октябрь 2020 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны: 148

Кыш мезгилине карата Ак-Талаа району боюнча эл үчүн жалпы 13миң тоннадан ашык көмүр отуну керектелет.

Бирок учурда мунун 30 пайызга жакыны гана тартылып бүттү. Ал эми райондун аймагындагы кары-картандар, жардамга муктаж, аз камсыз болгон турмуш-шарты оор үй-бүлөлөрдү бекер көмүр отуну менен камсыз кылуу аракеттери тууралуу акимдин орун басары Кенже Карагулова билдирди:

Кенже Карагулова акимдин орун басары

“Жергиликтүү бийлик жогорку категорияга кирген 257 түтүнгө бир тоннадан көмүр түшүрүп берүүнү пландаганбыз. Бүгүнкү күндө 184 түтүн көмүр отунунан жана акчалай түрүндө жардамдар берилди. Октябрь айы бүткөнчө калган үй-бүлөлөрдү камсыз кылабыз деп жатабыз. Мүмкүн болгон аракеттерди көрүп жатабыз” дейт.
Мындан сырткары дагы райондук токой чарбасы дагы 15 түтүнгө жыгач отун түшүрүп берди.

Ал эми Баетов айылынын тургуну 75 жаштагы Самсалиева Сүйөркан кышка карата   1тн көмүр бекер  түшүрүлүп берилди.  Бирок менин үйүм электр от казаны менен жылытылат. Ошентсе да кары-картандарды унутпай кам көргөндөрүнө  рахмат дейт.

Самсалиева Сүйөркан Баетов айылынын тургуну

Ошондой эле кошумча дагы 65 жаранга демөөрчүлөрдүн колдоосу менен көмүр отунун түшүрүп берүү үчүн шарты жок жарандар такталганын кошумчалады К.Карагулова

Барчын Мамытбекова