Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында бала бакчага кошумча корпус ачуу үчүн Байымбет атындагы орто мектебинин эски имараты капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Оңдоп-түзөө иштеринин жалпы наркы 2млн 526 миң сомду түзөт. Мунун 701 миң сому өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, калган каражат дем берүүчү гранттын эсебинен жасалууда.

Имараттын полу, эшик-терезелери алмаштырылат

оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жаткан Байымбет орто мектебинин эски имараты
Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Кенжебай Бейшенкуловдун айтымында аталган мектептин эски имараты бош турган. Жарыяланган тендерде утуп алган “Болот уста” ЖЧКсы учурда оңдоп-түзөө иштерин жасап жатат.

Кенжебай Бейшенкулов Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы
“Бала бакчага баруучу баланын саны көп болуп, кошумча корпуска муктаж болуп жатабыз. Ошол себептүү бош калган имаратты колдонууну чечтик. Буюрса 75 орунду жаңы бала бакча ачылат. Ал эми айылдагы “Бөбөктай” бала бакчасы106 орундуу болчу” дейт.
Бала бакча 20-октябрда колдонууга берилмек, бирок каржы документтеринде бир аз мүчүлүштүктөр болгондуктан, каражат өз убагында которулбай калган. 20-ноябрда бүтүп, пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз деп кошумчалады Кенжебей Бейшенкулов.
Барчын Мамытбекова